Жаңылыктар
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында милициянын заманбап бөлүмчөсү ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында милициянын заманбап бөлүмчөсү ачылды

18-июнда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында милициянын заманбап бөлүмчөсү ачылды. Анын ачылышына Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков, министрдин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов, Бишкек ШИИББнин начальниги, милициянын полковниги Азамат Ногойбаев, ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов жана ЖМКнын өкүлдөрү катышты.

Жогорудагы милициянын бөлүмчөсү милиция кызматынын заманбап талаптарына ылайык жасалып, жаңы имаратка алмаштырылды. Анда шаардын жашоочулары менен конокторун кабыл алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо, Кыргызстандын жарандарына өз убагында жардам көрсөтүү үчүн бардык шарт түзүлгөн.

ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков жогорудагы милициянын бөлүмчөсү бардык капиталдык ремонттон өткөрүлгөнүн, милиционерлердин иштөөсү жана жарандарды кабыл алуулары үчүн бардык шарт түзүлгөндүгүн белгиледи. “Милиция кызматкерлери коомдук жайларда, көчөлөрдө, калк көп чогулган жерлерде коомдук тартипти жогорку деңгээлде камсыздап, сапаттуу иштөөсү абзел. Шаардын жашоочуларына жана конокторуна туура, сылык мамиле жасап, сапаттуу сервистик тейлөөнү камсыздашы керек”, - деди ИИМ башчысы Улан Ниязбеков.

Андан сырткары, туристтик милициянын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн демөөрчүлөрдүн эсебинен алынган 10 электробайк тапшырылды. Ал транспорттук каражаттар коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоодо милиция кызматкерлеринин ыкчам иштөөсүнө жардам берет.

Жакынкы күндөрү Бишкек шаарында ушундай милициянын заманбап бөлүмчөлөрүн эс алуу жайларында, шаардын борбордук бөлүктөрүндө, калк көп чогулган жерлерде ачуу пландалууда.

Иш-чаранын аягында милиция кызматкерлери электробайктарды минип жеринде кызмат өтөө үчүн жөнөп кетишти.