Жаңылыктар
Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалды

Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалды. Улуттук коопсуздук кызматынын мекемелер аралык тергөө тобу «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун ар кандай баскычтарында коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иштерин иликтөөнү улантууда.

Сотко чейинки өндүрүштө мурунку биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинде иштеп жатып канадалык "Центерра" компаниясынын өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, «Кумтөр» кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтиргени, аталган компаниянын кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган кылмыштуу иш аракеттери аныкталды. 

Тергөө иштеринде, Сарпашев Кыргыз Республикасынын өкмөтүндө жооптуу кызматтарды ээлеп туруп, "Центерранын" кызыкчылыгында мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мөңгүлөр жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга тоскоолдук кылган. Мындан тышкары, Сарпашев кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, "Кумтөр Голд Компони" ишканасына мөңгүлөрдү иштетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө, «Кумтөр» кенинде жайгашкан, «Лысый» жана «Давыдов» мөңгүлөрүнүн талкаланышына алып келе турган Республиканын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн өлкөнүн парламентинин кароосуна киргизген.

Сарпашевдин тергөө тарабынан аныкталган кылмыштуу аракеттерин эске алуу менен 17-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү («Коррупция») боюнча кылмышка шектүү делип кармалды. Жакынкы аралыкта Тайырбек Сарпашевге карата жогоруда айтылган кылмышты жасоого шектүү экендиги жөнүндө билдирүү жөнөтүлүп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын карайт.