Жаңылыктар
Ошто ресторандарга 1-июлдан тарта банкет, той өткөрүүгө тыюу салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто ресторандарга 1-июлдан тарта банкет, той өткөрүүгө тыюу салынды

Ошто эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу санитардык нормалар күчөтүлүп, коомдук тамактануучу жайларда, кафе-ресторандарда текшерүү жүрүп жатат. 1-июлдан тарта той-маараке өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Ресторандарга кийинки айга буйрутма албоо сунушталды.Учурда Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй жана Ош облусунда вирустун жайылышы күч алды. 2020-жылдын март айынан бери 112 777 киши вируска чалдыгып, 1 916 бейтап көз жумду.