Жаңылыктар
Кыргызстандыктардын турмушун баяндаган “2020” аталышындагы киноальманахтын бет ачары өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандыктардын турмушун баяндаган “2020” аталышындагы киноальманахтын бет ачары өттү

Пандемия учурундагы кыргызстандыктардын турмушун баяндаган “2020” аталышындагы киноальманахтын бет ачары өттү. Анда бүткүл дүйнөнү каптаган коронавирус кыргыз элин да түйшүккө салганы баяндалат. 

10 бөлүктөн турган кыска метраждуу тасмада ковиддин үй-бүлөгө, андагы каармандардын жашоосуна тийгизген таасири чагылдырылат. Ал USAIDдин саламаттык сактоо тутумунун туруктуулугун жогорулатуу долбоорунун алкагында Кыргызстандагы “Интервьюс” менен кызматташтыкта даярдалды. Тасма телеканалдарда июнь айынын аягында көрсөтүлмөкчү. Ошондой эле иш-чарада былтыр оорунун күчөп турган мезгилинде туура, так, объективдүү маалыматттарды берген бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары менен продакшн студиялар сыйланды.