Нарын шаарында облустук бириктирилген ооруканада инфекциялык бөлүм ачылды. 70 орундуу бөлүм жаңы курулган өзүнчө имаратта жайгашып, жугуштуу оорулар менен күрөшүү үчүн заманбап шарттын бары камтылган.
Анда 48 койка бокс-палата, 22 койка жандандыруу жана интенсивдик палата орун алып, дарыгерлердин коопсуз иштөөсү үчүн да керектүү эреже-талаптар эске алынган. Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн ачылышы аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана облус жетекчилиги катышты.
Заман талабына шайкеш келген иш орду менен камсыз болгон дарыгерлердин пандемия башталгандан берки жасаган эмгегине ыраазычылык билдирилип, бөлүмгө 3,5 миллион сомго генераторлор, ИВЛ аппараттары, кислороддук концентраторлор жана мониторлор тапшырылды.
Эскерте кетсек жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты 79 миллион сомго бүткөрүлүп, каражатты Финансы жана экономика министрлигинин алдындагы аймактарды өнүктүрүү фонду бөлгөн.