Кыргызстан туристтердин өлкөгө кирүү алгоритмин бекитти. Ага ылайык, өлкөгө келген туристтин жанында ПЦР-тесттин терс натыйжалары, же COVID-19га каршы вакцинанын алынгандыгын тастыктаган документ болушу керек. Ал ортодо кайгуул милициясы күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Автоунаалар тынымсыз каттаган аймактык жолдордо жол-кайгуул милициясынын бекеттери орнотулду.