Бизнес жүргүзүүнүн негиздерин 7 ай ичинде ийгиликтүү үйрөнүп, аяктаган 45 айымга сертификаттар тапшырылды.
Алар «Курак» деп аталган айымдар форумунун бизнес устаттык программасынын алгачкы бүтүрүүчүлөрү болду. Долбоор Кыргызстандагы аялдардын ишкердик менен алектенишине шарт түзүп жайылтууга, жумуш менен камсыз кылып, алардын киреше булактарын кѳбѳйтүүгө багытталган.
Уюштуруучулардын айтымында, өлкөнүн экономикасын жогорулатуу үчүн алгач аялдардын өнүгүүсүнө салым кошуу керек. Долбоор бүгүнкү күнү Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкы, Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган "Бизнестеги айымдар " долбоорунун жардамы менен ишке ашууда.