Мамлекеттик салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун алдын ала жыйынтыктарын чыгарды.
Мекеменин билдирүүсүнө караганда, 16-июнга карата 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын 493 миң 488 салык төлөөчү тапшырган. Анын ичинен 160 миң 319 декларация электрондук түрдө берилген.
Ошол эле учурда, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык 3 миң 978 такталган декларация тапшырылды.
Эскерте кетсек, декларациялык кампания үстүбүздөгү жылдын башынан тартып 1-мартына чейин юридикалык жактар жана 1-апрелине чейин жеке жактар үчүн өткөрүлгөн.