Туристтик жагымдуулукту арттыруу үчүн 9 өлкөнүн жарандары Кыргызстанга визасыз киргизилет.
“Айрым мамлекеттердин жарандарына 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” долбоорду парламент үчүнчү окууда карады.
Документтин максаты - өлкөнүн туристтик жагымдуулугун арттыруу, ошондой эле өлкөнүн чет өлкөлөрдөгү туристтик имиджин жакшыртуу болуп жатат.
Маалыматка ылайык, 60 күнгө чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасына визасыз киргенге уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмесине кошумча дагы тогуз өлкөнү кошуу сунушталууда. Алар Албания, Болгария, Вьетнам Социалисттик Республикасы, Израиль, Кипр, Түндүк Македония, Румыния, Таиланд Королдугу, Мексика Кошмо Штаттары болду.