"Карвен групп" компаниялар ассоциациясынын ээси Генрих Балян мамлекеттин эсебине 60 млн сом төктү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.
Баляндын бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда бүгүн каралат. УКМК ал мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, рынокто анчалык суроо-талапка ээ болбогон мүлктү күрөөгө коюп, башка бирөө аркылуу 2,3 миллион долларлык насыя алганын 16-июнда кабарлаган.
Жазык кодексинин “Алдамчылык” деген беренесинин негизинде иш козголуп, ишкер 15-июнда УКМКнын тергөө абагына отургузулган.