Жаңылыктар
Жылдыз Бакашова Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун туруктуу координатору менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Жылдыз Бакашова Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун туруктуу координатору менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту.

«Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун жыйынтыгы боюнча аял лидерлер 38% депутаттык мандатка ээ болгондугу сиздер менен жемиштүү кызматташтыктын натыйжасы экендигин белгилеп кетким келет. Парламенттик шайлоолордо да бул жаатта жакшы натыйжалар орун аларына ишеним билдирем», - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары. 

Жылдыз Бакашова өлкөдөгү гендердик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын аныктоочу, Гендердик теңчиликтин 2021-2030-жылдарга карата улуттук стратегиясын иштеп чыгууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир алышууда тараптар БУУнун түзүмдөрү менен кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулады. Тактап айтканда, Баткен облусунда орун алган окуялардан соң калкты психологиялык реабилитациялоо зарылдыгын эске алып, аялдарга жана кыздарга каршы зомбулуктун бардык түрүнө каршы күрөшүүгө багытталган «Луч света» демилгесине Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорун кошуу маселеси талкууланды. Мындан тышкары, тараптар гендердик саясат жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү маселесин талкуулады.

Кыргыз Республикасындагы БУУнун тутумунун туруктуу координатору Озонниа Ожиело кызматташтыкты мындан ары карай тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.