Жаңылыктар
Кыргызстанда калкка кызмат көрсөтүү тарифтери дээрлик 4% жогорулады
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда калкка кызмат көрсөтүү тарифтери дээрлик 4% жогорулады

Быйыл январь-май айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Кыргызстанда калкка кызмат көрсөтүү тарифтери дээрлик 4% жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

Ушул жылдын алгачкы беш айында жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтары 14%, анын ичинде аба каттамдарынын баасы 2,7 эсеге, амбулатордук кызмат көрсөтүүлөр 6,8%, бут кийим оңдоо 4,3%, кийим тигүү 4,1% жогорулады. Андан тышкары турак жайларды оңдоо кызматтары 3,4% жана маданий иш-чараларды уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр 0,5% өстү. 

Статком күн мурун эле беш айда ички дүң өнүмдүн көлөмү 215 миллиард сомдон ашып, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6% төмөндөгөнүн, азык-түлүктүн баасы өсүп жатканын кабарлаган.