Касиеттүү Спиридон Тримифунтский атындагы маданий кызматташуу борбору Россиядагы Императордук Православдык Палестиналык коомдун көмөгү менен Кыргызстанга 3 тонна гуманитардык жардам берди.
Бишкектин жана Кыргызстандын епископу Даниил Россияга КОВИД-19дун алдын алуу жана жайылтпоо максатында гуманитардык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Кайрылуу орундалып экинчи тарап антисептик, медициналык коргонуучу кийим, бахила, бет кап жана башка керектүү медициналык каражаттардан турган жүктү жөнөткөн. Жардам Бишкек шаарындагы чиркөөгө келип түшүп, Баткен облусуна жиберилди.