Ош жана Токмок шаарларында 5 миңге жакын адамдын каттоосу жокко чыгарылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирген.
Анын айтымында, бир апта ичинде Ошто 4000, Токмокто 800 адам каттоого мыйзамсыз турганы аныкталып, аларды каттоого алуу тууралуу чечимдер жокко чыгарылды. Журабаева 2020-жылдын август айында бир дарекке ондон ашуун киши катталса милицияга кабарлоо тапшырмасы берилгенин, үйүнө жапырт каттоо жүрүп жатканын билгендер да, билбей калгандар да болгонун, текшерүү учурунда шаарда катталган айрымдар ал жакта жашабай турганы аныкталганын айтты.
“Ошол жакка текшерип барышса, кээ бир адамдар шаарда катталганы, ал эми чыныгы жашап жаткан жери айыл экени белгилүү болду” - деди Боршайкомдун мүчөсү.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өтүп, жыйынтыгында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Бул шаарларда кайра шайлоо 11-июлда өткөнү жатат.