Жаңылыктар
Муфтий болууга тогуз талапкер чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Муфтий болууга тогуз талапкер чыкты

16-июнда Аалымдар кеңешинин Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы муфтийликке арыздарды кабыл алууну аяктады. 

Маалыматка ылайык, муфтий болуу үчүн тогуз талапкер арыз берди. Алар: Нурбек Токтогулов, Султанали Гапуров, Шүкүр Исмаилов, Нематилла Жээнбеков, Ниязали Арипов, Убайдулла Сарыбаев, Шакир Маматов, Сайдамир Джейналиев жана Замир Ракиев. 

Сынак 24-июнда болот. Муфтий шайлоо сынагынын алдында Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрөгалыгына да сынак өтмөкчү. Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө, муфтийликке жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына сынак быйыл 17-февралда жарыяланган.