Жаңылыктар
Ысык-Көлгө келген эс алуучулардын коопсуздугун кароого милиция кызматкерлери даярдык көрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлгө келген эс алуучулардын коопсуздугун кароого милиция кызматкерлери даярдык көрүүдө

Чолпон-Ата шаарында туристтик мезгил учурундагы коомдук коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздоо үчүн бардык күч-аракет жумшалат. Бул багытта ички иштер кызматкерлери коомдук жайларда, көчөлөрдө, эс алуучу жана ден соолукту чыңдоочу жайларда коомдук тартипти сактоону жеткиликтүү деңгээлде уюштуруп, жергиликтүү жана чет элдик жарандарды ар түрдүү кылмыштарга жана криминалдык окуяларга кириптер болуусун алдын алуу иштерине өзгөчө маани берип, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылат. 

Мындай талапты Ички иштер министри Улан Ниязбеков Чолпон-Ата шаарында өткөн гарнизондук саптык кароо учурунда билдирди. Муну менен катар коомдук тартипти камсыздоого тартылган кызматкерлер Туристтик мезгил учурунда жардамга муктаж болгон бардык жарандарга жеринде сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүүнү тапшырылды. 

Жайкы туристтик мезгил учурунда укук тартибин жана жарандардын коопсуздугун сактоого катышкан күч-каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана алардын ишмердигин координациялоо максатында, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн базасында убактылуу ыкчам штаб түзүлүп, иш-чараларды жүргүзүп жатканы маалымдалды.