Жаңылыктар
Баткенге өзгөчө макам берүү долбоорун парламент биринчи окууда кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенге өзгөчө макам берүү долбоорун парламент биринчи окууда кабыл алды

Баткенге өзгөчө макам берүү долбоорун парламент биринчи окууда кабыл алды. Министрлер кабинети иштеп чыккан мыйзам долбооруна ылайык, Баткенде чек арага жакын аймактарда иштеген ишканалар жер, мүлк, пайдадан жана сатуудан түшкөн салыктардан бошотулат. 

Ошондой эле, беш жылдан 10 жылга чейин киреше салыгына жеңилдик берүү каралган. Мындан тышкары инвестициялык жана мамлекеттик сатып алуу боюнча өзгөчө режим киргизилет. 

Расмий маалыматка ылайык, Баткендеги 31 айыл өкмөттүн 30у дотацияда. Эгерде Баткенге өзгөчө макам берүү жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынса, мындай айыл өкмөттөрдөгү билим берүү, маданий объектилер республикалык бюджеттен түз каржыланат. Аткаруу бийлиги муну менен бир жылдын ичинде 6-8 айыл өкмөтү дотациядан чыгат деп божомолдоп жатат.