Жаңылыктар
Акыркы бир нече күндө сабиздин баасы кескин жогорулады
Кыргызстан жаңылыктары
Акыркы бир нече күндө сабиздин баасы кескин жогорулады

Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл тышка жашылча-жемиштердин экспорту эки эсе жогорулады. Бул өз кезегинде баалардын кескин өсүшүнө таасир берди, дешет адистер. Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги алып-сатып, ортомчу болуп баанын жөнсүз жогорулашына себепкер болгондорго мыйзам чегинде иш алып бараарын билдиришти. Азыркы тапта бул боюнча бир катар жумуштар жүргүзүүлдө. Ал эми айыл чарба министрлиги түшүм жыйноо башталып кетсе, июль айында баалар турукташарын билдирди.

Өлкөдө азык-түлүккө болгон баа өстү. Айрыкча, акыркы бир нече күндө сабиздин баасы кескин жогорулады. Бир ай мурун килограмм сабиз 35-40 сомдон сатылган болсо, бүгүнкү күндө 100 сомго чыкты. Мындай кырдаал өлкөнүн бардык аймагында байкалды. Айыл чарба министрлиги абалды айыл чарба өсүмдүктөрүнүн экспорту көбөйгөнү менен түшүндүрүүдө. 

Күнүмдүк турмушта өтө манилүү болгон азык-түлүктөрдүн баасы кескин кымбатташы боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги иликтөө жүргүзүүнү баштады. Себеби өлкө боюнча баанын жогорулашынын бирден бир себеби ортомчулардын кадамы болушу мүмкүн, дешет адистер. Эгерде алып-сатарлык, негизсиз бааны көтөрүү фактысы аныкталса, иш укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет. 

Буга чейин азык-түлүктүн кескин жетишсиздигине жол бербөө жана анын ичинде республиканын калкынын улуттук коопсуздугун камсыздоо максатында айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн чыгарууга тыюу салынган болчу. 

Эми 8-июлдан баштап кайрадан малды экспорттоого уруксат бериле баштайт. Ал эми тоют, буудай, арпа жана башка айыл чарба товарланына болгон тыюу жыл аягына чейин узартылмакчы.

Адистердин айтымында, июль айынын башында массалык түшүм жыйноо менен кырдаал турукташат. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл сабиз айдоо жерлери былтыркыга караганда арбын.