Жаңылыктар
Санарип кызмат жарандардын жагдайын жеңилдетип, сансыз түйшүктөн арылтты
Кыргызстан жаңылыктары
Санарип кызмат жарандардын жагдайын жеңилдетип, сансыз түйшүктөн арылтты

Министрлер Кабинетинин 100 күндүк ишинин негизги багыттарынын бири- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөкөйлөштүрүү болду. Республиканын көпчүлүк аймактарында, жаңы заманбап калкты тейлөө борборлору ачылып, жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортту берүү башталды. Мына ушул иш-чаралардын алкагында "Санарип аймак" тутумун этабы менен ишке ашыруу жүрүп жатат.

Өкмөттүн 100 күндүк ишинин алкагында «open space» форматындагы 7 калкты тейлөө борбору ачылды. Алар Ысык-Көл, Нарын жана Баткен облусунда. Дагы эки борбор Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда ачылган. Санарип кызматтардын санын арттыруу калкты ыкчам жана сапаттуу тейлөөгө шарт түздү. 

Ушул жылдын 3-майынан тарта жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт алууга арыздарды кабыл алуу башталды. Бүгүнкү күнгө карата жалпы жарандык паспорт даярдоого 74 миңге жакын арыз түшсө, анын 40 миңи даярдалып, жарандарга берилди. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өкмөттүн 100 күндүк иши дал ушул санариптештирүү иш-чараларын кеңейтүүгө багытталганын белгиледи. 

Ошондой эле, ушул жылдын 1-апрелинен тарта транспорттук каражаттардын электрондук паспорту тутуму киргизилген. Документ автоунаанын даярдалган учурунан тарта, Бажы биримдигинин аймагына импорттолгон учурду кошо алганда утилдештирүүгө же республиканын чегинен тышкары экспорттоого чейинки таржымалын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Буга катар 1-июндан тарта автоунааларды каттоо кампаниясы арзандатылган баада жүргүзүлө баштады.

2020-жылдын 29-июнунан баштап жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында "Санарип аймак" тутумун баскычтуу ишке ашыруу жүрүп жатат. Бул иштин алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 1500ден ашык кызматкери окутулду. 2021-жылдын 19-майына карата өлкө боюнча 484 айыл өкмөтү «Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат тутумуна туташтырылып, ага 450 миңге жакын үй чарбасы жана 1 жарым млн жаран катталган.