Электр энергиясына болгон тариф саясатынын долбоору коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык 1 киловатт/саат энергия быйыл 1 сом 9 тыйын деп эсептелет. Келерки жылы дагы жогорулайт. Андан соң тариф инфляциянын деңгээлине жараша өзгөрүп турат. Тармакты каатчылыктан алып чыгуу үчүн электр энергиясынын наркын жогорулатуу зарыл экени айтылып келатат.
Электр энергиясынын баасына байланыштуу маселе быйыл апрель айында көтөрүлүп, августка чейин жаңы тариф даяр болушу керек экени айтылган. Эми анда белгиленген сандардан айырмаланган башка долбоор сунушталды.
Энергетиканын бардык инфратүзүмү эскиргени, аларды жаңылабаса өлкө жарыксыз калаары айтылып келатат. Тармактын жалпы карызы 130 миллиард сомдон ашкан. Энергетиктер бул көйгөйлөрдү жоюнун натыйжалуу жолу деп тарифти көтөрүүнү эсептешет. Гидроэнергетикалык кеңири мүмкүнчүлүктөргө карабай инвесторлордун Кыргызстанда ГЭС курууга ниеттенбегенин да дал ушул нарк саясатына байланыштырып келишет.
Электр энергиясынын тарифи мурда саясатташкан маселеге айланган. Мындан улам бул тууралуу демилге көтөрүлчү эмес. Бирок энергосистеманын бүлүнгөн жерин жамап, ишти улантуу тышкы карыздардын эсебинен жүргүзүлгөн. Эртеби-кечпи баа көтөрүлөөрүн адистер кайталап келишкен. Бул ирет тармактагы оор абалдан улам жаралган жагдайды калктын калың катмары түшүнүү менен кабыл алгандай. Бирок бааны көтөрүү менен бирге энергокомпаниялардын чыгымын азайтып, тармактагы коррупцияны жоюу талабы да коюлууда. Министрлик бул багытта тиешелүү иштер аткарылаарына ишендирет.
Жаңы тариф боюнча долбоор бир айдан ашык убакыт коомдук талкууда болот. Сентябрь айына чейин маселе толук чечилиши керек.