Эгин талаасында түшүмдүүлүк жетилип турган кезде Чүй облусунун ылдыйкы райондорунда сугат суу тартыш болуп дыйкандардын айласын кетирди. Азыркы тапта 10дон ашык айылда арпа куурап, жүгөрүсү суусап турат. Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү күн сайын барып текшерүүлөрдү күчөтүп, суу чарба кызматкерлерине тапшырма бергени менен маселе толук чечиле элек. Ал үчүн дагы аз эле дегенде беш кошумча скважина куруу керек болуп турат.
Жергиликтүү тургундардын басымдуу бөлүгү талаачылык менен алектенген Ысык-Ата, Аламүдүн райондорундагы дыйкандар эгин талаасы кургап, тушүмдөрүнөн кол жууп калуу коркунучунда турат. Ансыз деле арпанын 50% ашыгы куурап каллды. Эми жок дегенде жүгөрүнү сактап калалы деп турушат.
Суу чарба тармагындагы кызматкерлердин айтымында бардык жерде суу толук ачык берилгени менен ал жетишсиз болууда. Быйылкыдай кургакчылык мындан 6-7 жыл мурда да катталып, анда айдоо аянттарындагы эгиндин жарымынан көбү өспөй калган.
Кошумча скважиналарды курууга 200 млн доллардан ашык каражат керектелет. Азыркы тапта маселени чечүү боюнча эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр журүп жатат. Ага чейин сууну катуу тартип менен көзөмөлдөп ылдыйкы айылдарда да бирдей жеткирип туруу боюнча министрлик жоопкерчилик алды.
Ушундай эле суу тартыштыгы Чүй облусунун Панфилов, Жайыл райондорунда да курч бойдон турат. Мурдагы жылдары күн аттап берилген сугат суулары быйыл он күндөп жок болуп, дыйкандардын түшүм алууга болгон үмүтүн өчүрдү.