Жаңылыктар
Европа Биримдиги менен кызматташуу боюнча координациялык кеңештин 12-отуруму өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Европа Биримдиги менен кызматташуу боюнча координациялык кеңештин 12-отуруму өттү

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин төрагалыгы алдында Европа Биримдиги менен кызматташуу боюнча координациялык кеңештин 12-отуруму өттү. 

Жыйында Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасы үчүн көп жылдык индикативдик программасынын жана 2021-2027-жылдарга карата Борбордук Азия үчүн Аймактык индикативдик программасынын алкагында эки тараптуу жана регионалдык кызматташуу маселелери талкууланды. 

Кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары: билим берүү, социалдык коргоо, мыйзамдуулук, шайлоо тутуму, санариптештирүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана жашыл экономика, анын ичинде COVID-19 антикризистик пакети.

Өзгөчө көңүл Европа Союзунун Кыргызстандагы негизги программаларын ишке ашыруунун алкагында өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү маселесине бурулду. Программалар биринчи кезекте бюджеттик колдоого, санариптештирүүгө, суу чарбасын башкарууга жана мыйзамдуулукту илгерилетүүгө багытталган.

Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Макулдашуунун долбооруна кол коюу үчүн даярдык иштерин аяктоо зарылдыгы белгиленди.