Жаңылыктар
ИИМ: Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иштери азырынча ачыкталбайт
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иштери азырынча ачыкталбайт

Тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иштери азырынча ачыкталбайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын бардык аймагында Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланып жатат.

“Ички иштер министри Улан Ниязбековдун тапшырмасы боюнча республиканын бардык аймагында дайынсыз жоголгон Орхан Инандынын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча издөө жана иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат. Издөө иштерине ички иштер органдарынын бир миң кызматкери тартылган”, - деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында зарыл болгон бардык тергөө амалдары жүрүп жатат. Кыргызстандык Орхан Инандыны ыкчам-издөө иши боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ИИМ башчысынын көзөмөлүндө. Эске сала кетсек, Кыргызстандын жараны Инанды 31-майда Бишкекте жоголгон. Милиция "Адам уурдоо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

"Сапат" билим берүү мекемеси окуу жайдын президенти Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо үчүн сый акы бере турганын жарыялаган. Сый акы берилген маалыматтын чын-бышыгына жараша болот.