Жылуулук менен ысык суунун тарифин 25 пайызга чейин кымбаттатуу сунушталууда. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Аталган ведомство министрлер кабинетинин "2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясынын орточо тарифин бекитүү" жөнүндөгү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документтин долбоору өкмөттүн сайтына жарыяланды. Документте калк үчүн жылуулук энергиясы үчүн тариф — бир гигакалориясы 1 миң 418,45 сом (азыркы баасы 1 134,76 сом), ысык суу үчүн тариф — бир гигакалориясы 1 миң 227,2 сом (азыркы баасы 981,76) деп сунушталууда.
Ведомстводон белгилешкендей, жылуулук энергиясы үчүн тарифтер жыл сайын инфляцияга жараша өзгөрүп турат.
"Көп жылдан бери жылуулук энергиясынын тарифи өз баасынан төмөн коюлуп, натыйжада жыл сайын акчанын дефицити жаралып келген. Чыгым электр энергиясын сатуудан түшкөн каражат менен жабылып турчу", — дешти ведомстводон.
Белгилей кетсек, Улуттук Банктын маалыматы боюнча, Кыргызстандагы жылдык инфляция 10,9 пайызды түздү.