Жаңылыктар
Кыргызстандан малды экспорттоого 8-июлдан баштап уруксат берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандан малды экспорттоого 8-июлдан баштап уруксат берилет

Кыргызстандан малды экспорттоого 8-июлдан баштап уруксат берилет. Бул тууралуу маалымат жыйында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Ильич Марсбек уулу билдирди. 

Анын айтымында, 8-июлга чейин айрым товарларды экспорттоого тыюу салынган. “Анын ичинде тоют, буудай, арпа жана башкалар бар. Бул тыюу салуу жыл аягына чейин узартылат. Бирок малды экспорттоого тыюу салуу алынып, уруксат бериле баштайт. Ал эми май, кумшекер жана тирүү малды импорттоодогу 12%дык кошумча нарк салыгын алып салуу боюнча долбоор министрлер кабинетине сунушталды”, - дейт ал. 

Министрдин орун басары Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 4 миң тонна буудайды тоок жана жумуртка өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген шартта берүү пландалып жатканын айтат.