Жаңылыктар
Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү 4 млрд 933 млн долларды түздү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү 4 млрд 933 млн долларды түздү

Ушул жылдын 30-апрелине карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү 4 млрд 933 млн АКШ долларын же 418 млрд 322 млн сомду түздү.

Экономика жана финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, анын дээрлик 85%ы мамлекеттин тышкы карызы. Тактап айтканда тышкы карыздын суммасы азыр 4 млрд 183 млн долларга барабар.

2021-жылы январь-май айларында Кыргызстандын республикалык бюджетинен мамлекеттик карызды тейлөөгө 13 млрд 178,1 млн сом бөлүнгөн.