Алдамчылык фактысы боюнча «Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси Генрих Балян кармалды.
УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, мекеме тарабынан өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылууга, анын ичинде мамлекеттик үлүшү бар коммерциялык структуралардагы коррупцияны аныктоого жана бөгөт коюуга багытталып жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, өзгөчө ири өлчөмдөгү каражаттарды алуу фактысы аныкталды.
Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, «Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси, мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, 2,3 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү ири насыя алган. Күрөө катары банкка анчалык суроо-талапка ээ эмес болгон мүлкүн өтө жогору баалап, 670 000 АКШ долларына барабар турат деп көрсөткөн.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган кыймылсыз мүлк чындап эле Балянга таандык экени, бирок банктан 2 млн 300 миң доллар алганы менен насыяны төлөбөй кеткени боюнча далилдер алынганын УКМК билдирди. Мындан улам ушул жылдын 15-июнунда Генрих Балян ушул кылмышка шектүү катары кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Жакын аралыкта ага карата баш коргоо чарасы каралат.
Белгилей кетсек, мурда ушул кылмыш ишинин алкагында шектүү катары түздөн-түз тиешеси бар делип аталган банктын башкармалыгынын төрагасынын мурда иштеп кеткен орун басары кармалган.