Жаңылыктар
Чүй облусундагы суу тартыштыгы дыйкандарды убайымга салды
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй облусундагы суу тартыштыгы дыйкандарды убайымга салды

Чүй облусундагы суу тартыштыгы дыйкандарды убайымга салды. Алардын эгин талаалары куурап, бир жылдык түшүмдөн кол жууп калуу коркунучу бар. 

Бийлик өкүлдөрү көйгөйдүн бирден-бир себеби тоолордо күн жылыбай, мөңгүлөрдүн эрибей жатканы экенин айтууда. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Чүй облусуна пресс-тур уюштуруп, дарыяларды жана суу сактагычтарды көрсөтүп келди. 

Пресс-тур учурунда журналисттерге Аламүдүн, Ала-Арча, Кегети, Ысык-Ата дарыялары жана андагы суу сактагычтардагы, бөлүштүрүүчү жайлардагы азыркы кырдаал тааныштырылды. Бардык жерде суу былтыркыга салыштырмалуу кеминде үч эсеге азайганы белгилүү болду. Чүй жана Ысык-Ата райондорунун дыйкандары үмүт артып отурган Кегети дарыясындагы суунун көлөмү алты эсеге чейин түшүп кеткен. 

Суу ресурстары агенттигинин Ысык-Ата райондук башкармалыгынын жетекчиси Эрлан Өмүралиев сууну башка жакка сатмак тургай өз айылдарына жеткирүү кыйын болуп жатканын айтат. Суу ресурстары агенттигинин Аламүдүн райондук башкармалыгынын жетекчиси Максатбек Бозов абанын температурасы 20 градуска көтөрүлсө гана мөңгүлөр эрип суу келерин билдирди. Суу ресурстары агенттигинин директору Алмазбек Сокеев 1-июлдан кийин күн жылып, мөңгүлөр ээрисе суу көбөйөт деп үмүт артууда. Тез арада талаптагы сууну табуу мүмкүн эмес. 

Ал эми жакында жер алдынан сууну соордуруп чыгаруу системасына киришерин жана кийинки жылы сууну үнөмдүү пайдалануу багытында бир нече долбоор ишке ашырыларын белгиледи. Дыйкандар мындай суу тартыштыгы тарыхта биринчи ирет болгонун айтууда. Ал арада жем-чөптүн баасы былтыркыдан эки эсе жогорулады. Эгер айдоо аянттары азыр сугарылбаса, эгин куурап, жем-чөп дагы кымбаттайт деген божомол бар.