Жаңылыктар
Кыргызстандыктарга электр кубаты үчүн жаңы тариф сунушталууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандыктарга электр кубаты үчүн жаңы тариф сунушталууда

Электр кубатына жаңы тариф сунушталууда, ал эл үчүн бирдей баада — бир киловатт сааты 1,09 сом болот. Министрлер кабинети иштеп чыккан "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомунун долбоору өкмөттүн сайтына коюлду. Документте экинчи вариант ылайыктуу деп айтылган

Эске салсак, учурда калк үчүн бир киловатт саат электр кубаты 77 тыйынды түзөт. Ал эми кымбаттагандан кийин ( өзгөчө шарт менен каралгандарды албаганда бардык абоненттер үчүн 700 киловатт саат) 2,16 сом болуп калмакчы.

Калк үчүн, бийик тоолуу аймакта жана татаал шарттагы жерлерде жашагандар үчүн 700 киловатт сааттык (кышында 1000 киловатт саат) лимитти алып салып, бирдиктүү 1 сом 09 тыйындык тарифти киргизүү сунушталууда. Ал эми калгандар үчүн электр кубатын колдонуу нормасы (күз-кышта 1000 кВт-саатка чейин көбөйүшүн эсепке албаганда ) алып салынат. Мында тариф бир киловатт саатка 1,09 сомду түзөт. 

Күз-кыш мезгилинде 1000 киловатт сааттан ашып кетсе 2,52 сом болмокчу.