Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Ал белгилегендей, учурдагы социалдык-экономикалык кырдаал үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тескөө чөйрөсүндөгү принциптерди кайрадан карап чыгуу зарылдыгы келип чыгууда.
«Мамлекеттик ишканалардын негизги максаты киреше алуу жана республикалык бюджетти толтуруу болуп эсептелет. Бирок иш жүзүндө көрүнүп тургандай, мамлекеттик ишканалардын көпчүлүгү чыгашалуу болуп калган. Мамлекеттик мүлктү башкаруу тармагындагы абалга кеңири талдоо жүргүзүү керек», - деп тапшырды Улукбек Марипов жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы калкка кайрылуусунда мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү белгиленген бардык милдеттер аткарылышы керектигин белгиледи.
«Жогорудагы талдоо даяр болор замат, кайсы ишкана өлкө экономикасы үчүн натыйжасыз экендиги белгилүү болот, алар аукционго коюлушу керек, ошол эле учурда мүлктү сатуу процесси ачык-айкын болушу кажет», – деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин башчысы.