Жаңылыктар
Өлкөдө чакан бизнес тармагында эмгектенип киреше тапкан жарандардын саны көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө чакан бизнес тармагында эмгектенип киреше тапкан жарандардын саны көбөйдү

Кадимки эле жерге төшөлчү таш тамандарды чыгарып иштеген чакан ишкана суткасына 300 чарчы метрге жеткидей продукция өндүрөт. Даяр курулуш материалы Бишкек Чүйдөн сырткары Жалал-Абад, Талас облустарына сатылат. Ишин нөлдөн баштаган жаш ишкер эми рынокто бизнестин бул түрүнө суроо-талап жогору экенин билип, кардарлардын табитине жараша таш тамандардын отуздан ашык түрүн чыгара баштады.