Жаңылыктар
Өлкөдө сабиз менен кызылчанын баасы бир кыйла өстү
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө сабиз менен кызылчанын баасы бир кыйла өстү

Өлкөдө сабиз менен кызылчанын баасы бир кыйла өстү. Учурда 1 килограмм сабиз 100 сомдон сатылууда. Буга байланыштуу мамлекеттик агенттик тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлүп, ишкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Ал эми өсүмдүк майы менен кум шекердин баасы бир айдан бери бир калыпта турат. Буга бул эки азык-түлүктүн баасы мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынганы себеп, дешет адистер.