Өлкөдө жергиликтүү кеңештерге шайлоодо 38% аял депутаттар бийликке келди. Эми алар өз аймактарындагы көйгөйлөрдү көтөрүп, аны айыл өкмөтүнүн деңгээлинде чечүү багытында иш алып барат. Шайлоодо жеңип чыккан айымдардын өкүлдөрү бүгүн борбор калаага чогулуп, иш-чарага биринчи айым, экс-президент, депутаттар жана коомдогу активдүү айымдар катышты. Жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы сөз сүйлөп 38% квотага жетүү оңой болбогонун белгиледи.