Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасы. Жабыр тарткан элге үй курулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-тажик чек арасы. Жабыр тарткан элге үй курулууда

Кыргыз-тажик чек арасында мындан бир жарым ай мурда болгон окуядан улам Лейлек районунда жалпысынан 98 турак жай өрттөлгөн. Анын көпчүлүгү Максат айылында катталып, учурда турак жайлардын пайдубалын куруу иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары мектеп, бала бакча, ФАП, милициянын аймактык пункту, айыл башчынын имаратын калыбына келтирүү иштери да жүрүүдө. 288 кожолук жашаган чек арадагы Максат айылы 1994-1995-жылдары чек араны бекемдөө үчүн түптөлгөн.