Президент Садыр Жапаров бүгүн “Кумтөр” алтын кенинин иши менен таанышты. Белгилүү болгондой, компанияга буга чейин убактылуу тышкы башкаруу киргизилген. Өлкө башчысы алтын кенге болгон сапарында кендеги өндүрүш ишине күбө болуп, эмгек жамааты менен жолугушуп баарлашты. Алтын өндүрүүдөн тартып, кендеги коопсуздукка чейинки олуттуу делген бардык маселелер көтөрүлдү.