Жаңылыктар
Билим берүү тутумундагы инвестициялардын көпчүлүгү аймактарга жумшалат
Кыргызстан жаңылыктары
Билим берүү тутумундагы инвестициялардын көпчүлүгү аймактарга жумшалат

Билим берүү тутумундагы инвестициялардын көпчүлүгү аймактарга жумшалат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндөгү мектептерде эмгектенген мугалимдер жамааты менен жолугушкан учурунда белгиледи. 

Маалым болгондой, учурда айыл жерлеринде билим берүү мекемелеринде компьютерлер, англис тил мугалимдери жетишпейт. Айрыкча мектептердин имараттарын жаңылоо, калыбына келтирүү маселеси да көңүл чордонунда болууда. 

Маалыматтарга караганда, азыркы тапта өлкөдөгү 200дөн ашык мектеп авариялык абалда. Мындай көйгөйлөрдүн көбү жаңы окуу жылы башталганга чейин чечилет, - деп ишендирүүдө Билим берүү жана илим министрлигинин адистери.