Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында күндүзгү стационар ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад шаарында күндүзгү стационар ачылды

Коронавирус инфекциясынын күч алышынан улам Жалал-Абад шаарында күндүзгү стационар иштеп баштады. 

"Газпром" спорт комплексинде ачылган стационарда 30 орундук даярдалып, 20 кычкылтек концентратору менен камсыздалган. Эки дарыгер бейтаптарды кабыл алууда. 

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Жалал-Абад шаарында күндүзгү стационарды ачуу муктаждыгы келип чыккан. Анткени облустук биргелешкен оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү бейтапка толгон. 15-июнга карата Жалал-Абад облусунда ковид инфекциясын жуктургандардын 13 жаңы учуру катталды.