“Кыргызстанда тынчтык болсун”. Мына ушундай аталыштагы концерттик программа жана оюн-зоок кечеси Баткен облусунан кереметтүү Ысык-Көл жергесинеэс алууга келген чек арага жакын айылдардын балдары үчүн тартууланды.
Анда балдар өнөр адамдарынын талантына күбө болуп, алар менен кошо сахнада туруп ырдап, бийлегенге да мүмкүнчүлүк алышты. Аны менен катар өлкө башчысынын куттуктоо каты окулуп, президенттин атынан балдарга китептер белек кылынды.
Эскерте кетсек бул саамалык 28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяларда жабыркаган айылдардын балдарына колдоо көрсөтүү жана Мамлекет башчысынын «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» жарлыгын аткаруу максатында уюшулган.
Анын алкагында 100 бала жана 15 мугалим Ысык-Көл облусундагы “Жалын” балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна 10 күндүк жолдомо алышкан. 10 күндүк эсалуу учурунда балдар менен психологдор жана аниматорлор иштешти. Мунун бары мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда стресс болгон балдарды калыбына келтирүүгө багытталган.