Жаңылыктар
Кыргыз элинин улуу акыны, кыргыз адабиятынын классиги Темиркул Үмөталиев эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз элинин улуу акыны, кыргыз адабиятынын классиги Темиркул Үмөталиев эскерилди

Кыргыз элинин улуу акыны, кыргыз адабиятынын классиги Темиркул Үмөталиев эскерилди. Чыгаан акындын 110 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция Улуттук Илимдер академиясында өтүп, ага окумуштуу-илимпоздор, акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер жана акындын жакындары катышты. 

Анда кыргыз улуттук адабиятын өнүктүрүүгө зор салымын кошкон Темиркул Үмөталиевдин кыргыз адабиятындагы орду, чыгармаларындагы идеялык-тематикалык өзгөчөлүктөр жөнүндө кеңири сөз болду. Негизги максат- улуу акындын чыгармачылыгын, таасирлүү ырларын унуткарбай жаш муундарга жеткирүү, - дейт катышуучулар.