Жаңылыктар
Баткенде сел жүрүп, чарбалык жолду каптады
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде сел жүрүп, чарбалык жолду каптады

Баткенде сел жүрүп, чарбалык жолду каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, 14-июнь күнү саат 19:00 чамасында Баткен районунун Кыштут айыл аймагында кыска мөөнөттө катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Газ айылындагы ички чарбалык жолдун 1 чакырым аралыгын сел каптаган. Учурда жол каттамы ачылды. 

Комиссия тарабынан чыгымдарды тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт. Ошондой эле министрлик бүгүнкү күнү өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүп кетүү коркунучу жогору экендигин эскертет. 15-июнда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал.