Жаңылыктар
Катар Кыргызстандагы угуу мүмкүнчүлүгү чектелген 29 өспүрүмгө акысыз операция жасоого көмөктөшөт
Кыргызстан жаңылыктары
Катар Кыргызстандагы угуу мүмкүнчүлүгү чектелген 29 өспүрүмгө акысыз операция жасоого көмөктөшөт

Катар өкмөтү Кыргызстандагы угуу мүмкүнчүлүгү чектелген 29 өспүрүмгө акысыз операция жасоого көмөктөшөт. Бул тууралуу Катардын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады. 

Маалыматта, 23-июнда катарлык дарыгерлер кохлеардык имплант операциясын жасоо үчүн Кыргызстанга келери айтылат. Операциялар Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунда жасалат. 

Маалыматка ылайык, Катар мамлекети жалпы 150 кохлеардык имплант бөлүп берди. Ушул жылдын аягына чейин 50 операция жасалат. Калганы алдыңкы эки жылда ишке ашырылат.