14-июндан тартып чет өлкөдө жүргөн Кыргызстан жарандары үчүн жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортту өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн жана консулдук мекемелеринен алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Ошону менен бирге, министрлик 2021-жылдын 20-мартынан тартып чет өлкөдө жүргөн жарандарга биометрикалык ички паспортту – ID-картты алуу үчүн шарт түзүлгөндүгүн маалымдайт.