Жаңылыктар
Ибрагим Аль-Ради Руслан Казакбаевге ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Ибрагим Аль-Ради Руслан Казакбаевге ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды

Сауд Арабия падышачылыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрагим Аль-Ради Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды. 

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министр Казакбаев дипломатиялык миссиянын башчысын кызматка дайындалышы менен куттуктап, эки тарапты кызыктырган ар кандай чөйрөлөрдөгү кызматташуу маселелерин талкуулады. 

Тараптар кыргыз-сауд мамилелерине эки тараптуу жана көптараптуу форматта кызматташууну кеңейтүү зарылдыгына токтолушту. Ошол эле учурда, элчи Сауд Арабия бийлигинин чечимине ылайык коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө үчүн кошумча чараларды көрүү максатында, быйыл Меккеге зыярат кылуу өз жарандарына гана уруксат берүү менен өтө тургандыгын айтты. 

Өз кезегинде Казакбаев кыргыз тарап эпидемиологиялык кырдаалды эртерээк турукташтырууга үмүттөнүп, бул чечимге түшүнүү менен мамиле кыларын белгилеп, жогоруда айтылган маалыматтар тиешелүү мамлекеттик органдарга жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жеткирилет деп ишендирди.