Абхазия Республикасынан өлкөгө аткезчилик жол менен унааларды ташып келүү схемасы аныкталды.
УКМКнын маалыматына ылайык, "Чалдыбар” өткөрүү пунктунан "Вольво" жүк ташуучу унаасына 8 жеңил унааны ташып келе жаткан жаран кармалды. Текшерүү убагында Абхазия Республикасынын мамлекеттик унаа номерлери, каттоо белгилеринин жасалма документтери жана күбөлүктөрү, ошондой эле Кыргызстандын чек ара кызматына таандык бир жасалма унаа номери табылган.
Кармалган унаалар токтотуучу жайга киргизилди.