Кырсыктардын санын азайтуу үчүн көзөмөлдөөчү автоматтык тутумдарды кеңири колдонуу керек. Мындай пикирин саясат таануучу Марс Сариев билдирди.
Айтымында, мамлекет башчы Садыр Жапаров жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырганы өз убагында жасалган кадам.
"Менин оюм боюнча мындай жагдай биринчи кезекте коорупциялык жол менен мыйзамсыз айдоочулук күбөлүк алгандардын кесепетинен келип чыгууда. Ошондуктан көзөмөлдү күчөтүп, кайрадан айдоочулук күбөлүктү тапшырууну киргизүү керек”, - деди ал.
Жайкы сезонго байланыштуу туристтердин агымы көбөйөт. Бул өз кезегинде кырсыктардын саны өсүшүнө, айрыкча Ысык-Көлгө каттаган багытта көп катталышына түрткү берерин билдирди.