Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда соода жугүртүүнүн көлөмү 1 млрд долларга жетет. Бул багытта эки мамлекеттин башчылары жолукканда макулдашып, аны ишке ашыруу милдети Министрлер кабинетине жүктөлдү. Жакында жолугушуулар болуп ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт.
Өлкө эгемендик алганда биринчилерден болуп борборго түрк инвесторлору келип, ишмердүүлүгүн баштаган. Айрымдары отуз жыл аралыгында көптөгөн ийгиликтерди жаратып, аймактарга чейин жетти. Фатин Зенгин Бишкекте тейлөө тармагында бизнесин баштап 13 жылдан бери миңдеген жергиликтүү элди жумуш менен камсыздап, курулуш, мейманкана жана соода жаатында иш алып барат.
Мамлекет башчысынын Түркияга болгон сапарында өлкөгө инвестиция тартууга басым жасалып бир катар документтерге кол коюлду. Анын бири ОСТИМ долбоорун ишке ашыруу.
Өткөн жылы пандемияга карабай эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 507 млн долларга жетти. Эми тармакты жандандыруу максатында кыргыз-түрк өнүктүрүү фонду түзүлө турган болду. Бул багытта эки мамлекеттик экономика министрлери сүйлөшүп, алаканы жакшыртуу боюнча бардык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулады.
Жакында эле мамлекет инвесторлорду колдоо боюнча жеңилдиктерди киргизип, түрдүү тоскоолдуктардын баарын кыскарткан. Анын аткарылышын көзөмөлдөөдө жолтоо болгондорго жоопкерчилик каралары айтылат.
Түркиядан келген ишкерлердин көбү соода, тейлөө, медицина билим берүү жаатында иш алып барат. Келечекте бул тармакты дагы кеңейтүүгө толук шарттар бар.