Жаңылыктар
“Кумтөр ишин” иликтөө уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
“Кумтөр ишин” иликтөө уланууда

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров жасалма дипломду колдонгон факты аныкталганын УКМК билдирди. Зулпукаров 1998-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых факультетинин үчүнчү курсунан чыгарылган. Окуудан чыгарылган себеби, билим алуу үчүн акысын төлөбөгөндүгү болгон. Кийин, Зулпукаров Ж.Баласагын атындагы КУУ тарабынан берилди деген жасалма дипломду колдонуп, Ош мамлекеттик университетине тапшырып, активдүү саясий ишмердүүлүктө жүргөн мезгилинде экинчи жогорку билимге ээ болгон. 

Бул факты "Кумтөр" ишине байланыштуу коррупциялык схеманы аныктаган тергөө ишинин алкагында калкып чыккан. Учурда Зулпукаров жана башка бир топ жогорку кызматты ээлеп келген адамдар тергөө ишинин алкагында камакка алынып тергөөчүлөрдүн элегинен өтүүдө.