Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө тарбияланып жатып күтүүсүздөн көз жумган өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу маселени Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Балдардын укугу боюнча өкүлү көзөмөлгө алды. “Балдардын укугун коргоо лигасында” иштеген адистер "Өспүрүм кандайдыр бир зомбулуктун курмандыгы болушу мүмкүн. Бул жерде мурда ачык айтылбаган сыр бар" - деп шектенишүүдө.
Иликтөө иши жыйынтыкталгыча балдар үйүнүн директорун убактылуу иштен четтетип туруу сунушу да айтылды. Буга чейин 6-класста окуган Игорь Якунин аттуу өспүрүм эсин жоготуп ооруканага жеткенче каза болгону кабарланган. Аталган фактыны эми мекемелер аралык комиссия кылдат иликтеп чыкканы жатат.