Кыргызстанда акыркы эки-үч күндүн ичинде эле автокырсыктан улам ондон ашык киши каза болду. Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров тынчсызданганын билдирип, өлкөнүн Ички иштер министрлигине жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырды.
Жапаров жайкы туристтик мезгилде транспорт агымы эселеп көбөйөрүн эске алуу менен жол кыймылына болгон көзөмөлдү күчөтүү зарыл деп табыштады. Ошондой эле ал жарандарды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, айдоочуларды жолдо этият болууга, жөө жүргүнчүлөр менен жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоого чакырды.