Жаңылыктар
Улан Ниязбеков жол кырсыктарын алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чараларды күчөтүү боюнча кеңешме өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Улан Ниязбеков жол кырсыктарын алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чараларды күчөтүү боюнча кеңешме өткөрдү

Ички иштер министри Улан Ниязбеков аппараттык онлайн кеңешме өткөрүп, анда президент Садыр Жапаровдун жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүү тууралуу тапшырмасын аткаруу маселелери каралды. 

Министр тез аранын ичинде жол кырсыктарын алдын алуу, профилактикалык иштерди күчөтүү жана аны кеңири чагылдыруу боюнча иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштурууну талап кылды. Жол кырсыктарына байланыштуу жазаны күчөтүп, мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү тез арада колго алуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди. 

Жайкы туристтик сезон учурунда коомдук тартипти жана коопсуздуктуу камсыз кылуу, адамдардын сууга чөгүп кетүү кырсыктарын алдын алуу максатында тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте комплекстүү иш-чараларды колго алуу маселеси талкууланды. ИИМ башчысы туристтик сезон учурунда коомдук тартипти сактоонун бардык жагдайларына токтолду. Айрыкча ички иштер органдарынын кызматкерлери жана туристтик милициянын кызматкерлери чет өлкөлүк туристтердин жана коноктордун коопсуздугун, ошондой эле алардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоону камсыз кылат. 

Чогулуштун жыйынтыгы менен министр ички иштер органдарынын жетекчилеринин алдына жайкы туристтик сезон учурунда коомдук тартипти жана коопсуздуктуу камсыз кылуу багытындагы тапшырмаларды берди.